Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ишкерлер кеңеши башкармалыгынын жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга катышуу үчүн Бишкекке ШКУнун Ишкердик кеңешинин улуттук бөлүктөрүнүн жетекчилери, ири бизнес-бирикмелердин, соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин инвесторлору менен ишкерлери келишти.
Иш-чарага экономиканын өнөр жай, энергетика, логистика, санариптик технологиялар, каржы жана эл аралык соода сыяктуу кеңири тармактарын өкүлдүк кылган 10 өлкөнүн делегациясы катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө ШКУ мейкиндигинде соода-экономикалык кызматташтыкты жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ишкердик байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.
Эске салсак, бул иш-чара Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагындагы негизги эл аралык бизнес-окуялардын бири болуп саналат.