Кыргызстанда ШКУнун Долбоорлорду коштоо боюнча аймактык борбору ачылды

ШКУ Загрузка... 24 Июнь 2026 11:10
WhatsApp_Image_2026_Ifm4Ku2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Долбоорлорду коштоо боюнча аймактык борбору ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул уюмдун мейкиндигиндеги инвестициялык, инфраструктуралык жана эл аралык долбоорлорду коштоого багытталган Кыргызстандагы алгачкы адистештирилген аянтча болуп саналат.

Борбор Кыргызстандын 2025-2026-жылдардагы уюмга төрагалык кылуусунун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун алкагында ачылды. Бул демилгени ШКУнун Ишкердик кеңешине төрагалык кылып жаткан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев көтөргөн.

"Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында биз бизнести өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшө турган жаңы куралдарды түзүшүбүз керек. Долбоорлорду коштоо боюнча регионалдык борбор дал ушундай бизнестин, инвесторлордун жана мамлекеттик институттардын кызыкчылыктарын бириктирген аянтчага айланат", - деди Сариев.

Борбордун негизги милдети келечектүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду коштоо, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле бизнеске эксперттик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү болору белгиленди.

Долбоорлорду коштоо боюнча регионалдык борбордун жетекчиси болуп КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мээрим Кожокматова дайындалды. Ал кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чөйрөсүндө көп жылдык тажрыйбасы бар адис.