Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү эки эсе көбөйдү

ШКУ Загрузка... 24 Июнь 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүсү акыркы 4 жылда эки эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу ШКУнун инвестициялык бизнес-форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал белгилегендей, Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн 25 жылдык ишмердүүлүгүндө жалпы максаттарга жетүү үчүн өлкөлөрдү бириктирүү жөндөмүн ишенимдүү көрсөтө алды.

Бүгүнкү күндө ШКУнун ичиндеги соода-экономикалык байланыштар кеңейип, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, өнөр жайлык кызматташтык бекемделип, негизги тармактардагы кызматташуу өнүгүп жатат.

“ШКУга мүчө он мамлекеттин 3,5 миллиарддан ашык калкы бар жана жалпы ИДПсы болжол менен 30 триллион долларды түзөт. Биздин өлкөлөр ошондой эле дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүнүн болжол менен 38 пайызын түзөт. Бул бизде эбегейсиз зор адам капиталы, олуттуу жаратылыш ресурстары, күчтүү айыл чарба жана өнөр жай базасы жана андан ары өсүү үчүн эбегейсиз зор потенциал бар экенин билдирет. Мындан ары адам капиталын өнүктүрүүгө, жаштардын ишкердигин колдоого жана санариптик экономикада жана глобалдык атаандаштыкта ​​иштей ала турган жаңы муундагы адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу керек”, - деп белгиледи Данияр Амангелдиев.