Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Бишкекте 16-ноябрда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында Людвиг Минкустун дүйнөгө белгилүү "Дон Кихот" балети көрсөтүлөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, бул жолу спектакль көрүүчүлөргө жаңыланып, кооз декорациялар жана өзгөчө костюмдар менен тартууланмакчы. Испания Падышалыгынын шаарларында өтө турган гастролдук турнеге карата театрдын балет труппасы үчүн атайын жаңы костюмдар тигилди.
Людвиг Минкус — XIX кылымдагы белгилүү балет композиторлорунун бири. Анын “Дон Кихот” чыгармасы 1877-жылы Москвадагы Чоң театрда (Большой театр) алгач коюлуп, дүйнөлүк балет өнөрүнүн шедеврине айланган. Спектаклдин негизги сюжетинде Дон Кихоттун жардамы менен арзышкан эки жаш — Китри жана цирюльник Базиль — сүйүүсүнө жетет.
Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры бул чыгарманын сахналык версиясын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин режиссёрлугунда сунуштайт.
Башкы ролдордо:
- Базиль — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков
- Китри — Мээрим Султакаева (бул ролдо биринчи жолу)
- Дон Кихот — Валерий Разумейко
- Санчо Панса — Кадыр Токтогулов
- Гамаш — Элес Арыков
- Эспада — Атабек Садыркулов
- Дирижёр — Семетей Султанов