Бишкектеги №23 мектептин жаңы имараты сентябрда пайдаланууга берилет

Билим Загрузка... 13 Май 2026 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бишкектеги №23 мектептин жаңы имараты сентябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Шаар жетекчиси белгилегендей, мектептин айланасындагы соода түйүндөрү алынып, аймак көркөндүрүлүп, жашыл аймак түзүлдү.

“Курулуш иштери менен министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев таанышмакчы. Сунуш-пикирлер айтылса эске алабыз. Мектепти сентябрь айында ачууга даярдайбыз”, - деди мэр.

№23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имараты үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Мектеп 560 окуучуга ылайыкталган.