Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан "Азиз" базарынан чыккан ири өрт саат 13:50дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө жалпы 60 өрт өчүрүүчү, 8 күжүрмөн эсеп, Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан оперативдүү топ дрону менен тартылды. Мындан сырткары, Бишкек суу каналынан 3 суу ташуучу унаа жардамга келди.