Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Чүй облусундагы "Ак-Чий" эркин экономикалык аймагында балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгаруучу алгачкы ата мекендик ишкана ачылды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, бул долбоор "Бренд КГ" компаниясы тарабынан ишке ашырылды.
Ишкана өлкөдөгү бул багыттагы эң алгачкы жогорку технологиялык өндүрүш болуп саналат. Завод эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Балдар жалаяктарын чыгаруунун максаты ички рыноктун импорттон болгон көз карандылыгын азайтуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.
Инвестициялык долбоордун алкагында ишкана продукциясын ички рынокко гана сунуштабастан, келечекте Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттоону да пландап жатат.
Адистердин айтымында, мындай өндүрүштүн ишке кириши өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө жана ата мекендик гигиеналык продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө чоң өбөлгө түзөт.