Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. "Art-Ordo – 2025" сыяктуу эл аралык театр фестивалдары өлкөлөр ортосундагы маданий алаканы бекемдеп, театрлар арасындагы кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул фестиваль эки жылда бир уюштурулуп келет. Акыркы ирет ал 2023-жылы өткөрүлгөн.
"Мындай маданий иш-чаралар мамлекеттер арасындагы театралдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Ар бир катышуучу өлкө өзүнүн улуттук спектаклдерин тартуулайт. Бул режиссёрлор, драматургдар жана актёрлор үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды алуу жана достук мамилелерди түзүүгө шарт түзөт", – деди Өзүбеков.
Ал белгилегендей, "Art-Ordo – 2025" фестивалына Кыргызстандан коңшу өлкөлөргө атайын чакыруулар жиберилген. Катышуучу театрлар өз спектаклдеринин видео версияларын жиберишкен. Алардын ичинен Кыргызстандан түзүлгөн эксперттик топ мыкты чыгармачыл иштерди тандап алган.
"Тандалып алынган коноктор 19-октябрдан тарта келе баштайт. Биздин негизги милдет аларга ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу", – деди ал.