Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Музейдеги түнү" өтөт

Маданият Загрузка... 12 Май 2025 12:07
wr-960_YhlaT8H.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек,12.05.25. /Кабар/. Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында 17-майда "Музейдеги түн" акциясын өткөрөт.

"Салтка айлангандай, бул түнү кирүү жана иш-чараларга катышуу акысыз. Бул учурда музей мейкиндиги сыйкырга толуп, анда искусствонун түрлөрү чогулат", — деп айтылат музейдин сайтында.

Келгендер көргөзмө, жарманке жана фуд-корт, мастер-класстар жана музейдин өнөктөштөрүнүн иш-чараларына күбө болушат. Кеңейтилген музыкалык программа жана музейдин эки көргөзмөсү, алардын бири мультимедиялык форматта өткөрүлөт.

Иш-чара эл аралык “Музейдеги түн-2025” иш-чарасынын алкагында өтөт.