Хуэйчжоуда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүгү тааныштырылды

Экономика Загрузка... 30 Апрель 2026 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Күн мурун Кытайдын Гуандун провинциясынын Хуэйчжоу шаарында "Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордук сатып алуулар боюнча презентациясы" аттуу иш-чара өткөрүлдү.

ТИМдин маалыматы боюнча, иш-чараны Кыргызстандын Гуанчжоудагы Башкы консулдугу Хуэйчжоу шаарынын расмий түзүмдөрү жана соода палаталары менен биргеликте уюштурду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөнүн, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон 300гө жакын кытайлык ишкана катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы консулдуктун өкүлдөрү өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана "Ала-Тоо Резорт" улуттук тоо кластери долбоорун тааныштырды.

Өткөрүлгөн иш-чара Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, кыргыз-кытай ишкер байланыштарын чыңдоого жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы кызматташтык байланыштарын түзүүгө маанилүү өбөлгө түздү.