Акыркы жылдары Кыргызстандын өнөр жай потенциалын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланды. Бул жаатта “100 өнөр жай ишканасы – 2026” долбоору өлкө экономикасынын өсүү темпин тездетүүчү негизги механизм катары каралууда. Учурда жер-жерлерде жаңы ишканаларды ачуу, инвесторлорго шарт түзүү жана заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүү боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат.
"Кабар" агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, быйыл "100 өнөр жай ишканасы – 2026" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 113 өнөр жай ишканасын ишке берүү долбоору пландалган.

Маалымдалгандай, бул долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында өлкөдө 11 миң 741ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүлмөкчү.
“Министрлик мамлекеттик органдар жана уюмдар менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууда келип чыккан көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш алып барууда. Долбоорлорду өз убагында уюштуруу максатында туруктуу негизде жумушчу кеңешмелер жана тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөргө долбоорлорду каржылоо, жер тилкелерин трансформациялоо, инвестициялык келишимдерге кол коюу, зарыл болгон корутундуларды берүү жол-жоболорун тездетүү, жабдууларды алуу, ошондой эле ишканаларды инфраструктура менен камсыздоо багыттарында ар тараптуу көмөк көрсөтүлүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестиция тартууга жана аймактардын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.
Аталган министрликтин өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдиргендей, 113 ишкананын ичинен негизги басым курулуш материалдарын чыгарууга жасалып, бул багытта 43 ишкана ачуу пландалган.
"Мындан тышкары, тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда 7 ишкана, машина куруу жана фармацевтикалык продукция өндүрүүдө бирден долбоор жана башка тармактар боюнча демилгелер бар. Аймактарга токтоло кетсем, мисалы Талас облусу боюнча 6 долбоор, Ош облусунда - 19, Нарын облусунда - 7 жана Ысык-Көл облусунда - 10 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылган”,- деп билдирген Молдогазиева.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 113 өнөр жай объектисин ишке киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, ишканалардын өз убагында ишке киришине тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер талкууланган. Жыйындын соңунда объекттилерди ишке киргизүү мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, жеке тартиптик жоопкерчиликке тартыларын минкаб төрагасы билдирген.
Анткени, жер тилкелерин трансформациялоодогу кечигүүлөр, электр энергиясы, суу каналдарын тартуудагы кыйынчылыктар жана уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар тууралуу сөз болгон.
Быйылкы жылдын эсебинен ачылган объекттилерге токтолсок, 20-апрелде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук-3 жана Туюк гидроэлектрстанцияларынын ачылыш аземи өткөн.
Маалымдалгандай, биринчиси - Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 МВт, экинчиси - анын куймасы Туюкта 5,9 МВт түзүп, эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВт болмокчу.
Президенттин айтымында, бул долбоор электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана экономиканы өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзмөкчү.
“Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген. Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт”, - деп белгилеген Жапаров.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары долбоорлорду ишке ашыруунун этаптарында ишканаларга колдоо көрсөтүү менен бирге текшерүү иштерин да жүргүзүүдө. Бишкек шаарындагы көчмө текшерүүнүн алкагында 4 долбоорлордун ишке ашырылуусунун учурдагы этаптары каралып, ошондой эле каржылоо, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча көйгөйлүү маселелер талкууланган.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин маалыматы боюнча 2025-жылы “100 өнөр жай ишканасы” программасынын алкагында 119 объект пайдаланууга берилген. Жалпы инвестиция көлөмү 715,6 млн долларды түзүп, бул болжол менен 71 млрд 560 млн сомго барабар болгон. Натыйжада өткөн жылы 8,5 миңге жакын жумуш орду түзүлгөн.

Жыйынтыктап айтсак, аталган программанын алкагында аткарылып жаткан иштер өлкөнүн экономикалык коопсуздугун чыңдоого жана калктын иш менен камсыз болушуна түздөн-түз таасирин тийгизмекчи. Быйылкы жылга пландалган 113 долбоор ийгиликтүү ишке ашса, миңдеген жарандардын туруктуу жумуш менен камсыздап, жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин өсүшүнө өбөлгө түзөт. Мамлекеттик деңгээлдеги мындай комплекстүү аракеттер өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүү жолунда баратканын айгинелейт.