Бишкек, 02.05.26 /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Чжэцзян провинциясында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү”форумуна катышты.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле Ханджоу шаарында Кыргыз-Кытай бизнес форуму өтүп, 150дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты. Эки өлкөнүн ортосунда практикалык кызматташтыкты тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.
Анда Кыргызстандын энергетика тармагындагы келечектүү ири долбоорлор, кыргыз энергетикасынын потенциялы тууралуу презентация тартууланып, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен ачык диалог түзүүгө, кызматташуунун алдыдагы келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жолугушуунун алкагында кытай компанияларынын жана соода-өнөр жай өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорго катышууга кызыктар экенин билдиришип, бир катар суроолорду узатышты.
Өз кезинде энергетика министри Таалайбек Ибраев алардын ар бир суроосуна жана сунушуна так жана жеткиликтүү жооп узатып, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап инвесторлор менен кызматташууга дайым даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, Кытайга болгон иш сапардын жүрүшүндө энергетика министри Таалайбек Ибраев трансформатордук жабдууларды чыгарган Kerun lntelligent Control завонун иши менен жеринде таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.