Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. "Кабар подкаст" берүүсүндө илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова жаш окумуштуулардын бирдиктүү санариптик маалыматтык базасы түзүлүп жатканын билдирди.
Министрдин айтымында, ilim.kg платформасы аркылуу өлкөдөгү 72 илимий изилдөө институтунда иштеген жаш окумуштуулар тууралуу маалыматтар бир системага топтолот.
"Бул базага Улуттук илимдер академиясынын институттары, жогорку окуу жайлардын алдындагы 21 илимий мекеме, ошондой эле Айыл чарба жана Саламаттык сактоо министрликтерине караштуу илимий борборлор киргизилет. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык жаш окумуштуулар да бул системага кошулат. Долбоорду жыл аягына чейин толук ишке киргизүүнү пландап жатабыз", — деди ал.