Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Жогорку билим берүү системасынын негизги күчү – өз ишин сүйгөн жана кесипкөйлүгү жогору окутуучулар. Бул тууралуу “Кабар подкаст” программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.
Министрдин айтымында, акыркы беш жыл ичинде президент тарабынан жогорку билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, 5 жогорку окуу жайына улуттук статус берилди.
“Анын негизги максаты – окуу жайларды дүйнөлүк рейтингдерге киргизүү. Бул үчүн билим сапатын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү күчөтүү жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу сыяктуу бир катар талаптар коюлган”, – деди ал.
Гүлзат Исаматова жогорку билим берүү системасынын ийгилиги биринчи кезекте окутуучулардын эмгегине байланыштуу экенин баса белгиледи.
“Учурда жогорку окуу жайлардын бюджетинин 85 пайызы окутуучулардын эмгек акысына жумшалат. Ал эми калган бөлүгү университеттердин өнүгүүсүнө, жаңы жабдууларды алууга, илимий иштерди колдоого жана оңдоп-түзөө иштерине багытталууда”, – деди министр.
Ошондой эле ал материалдык-техникалык базаны жана инфраструктураны жакшыртуу маселеси да өзгөчө көңүл борборунда экенин айтты.