Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. ЖОЖдордо окуу акысы жогору болгону менен билим берүү программасы бирдей стандартта калууда. Бул тууралуу “Кабар подкаст” программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө окуу жайлардагы төлөмдөр бир топ айырмаланат. Аймактардагы ЖОЖдордо окуу акысы 25 миң сомдон жогору болсо, инженердик багыттарда 85 миң сомго чейин жетет. Ал эми медициналык багытта мамлекеттик окуу жайларда орто эсеп менен 120–200 миң сомду түзсө, жеке менчик окуу жайларда бул көрсөткүч 400–500 миң сомго чейин чыгат.
"Окуу акысындагы чоң айырмачылыктарга карабастан, жогорку окуу жайлардын билим берүү программалары негизинен бирдей стандартка ылайык түзүлгөн. Мындан тышкары, окутуучулук курам да окшош, анткени педагогдор көп учурда бир нече университетте айкалыштырып иштешет", – деп белгиледи Исаматова.
Министр жеке менчик окуу жайларда материалдык-техникалык база жакшыраак болушу мүмкүн экенин, бирок бардык окуу жайлар бүтүрүүчүлөрүнө бирдиктүү мамлекеттик үлгүдөгү диплом берерин кошумчалады.