Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директор Хон Дуён, Алматы филиалынын директору Ким Жунг-хун, ошондой эле КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директордун орун басары Йе Гван Хо катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле кореялык компаниялар жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун тааныштырды.
Өз кезегинде Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоого, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Кореянын бизнес-коомчулугу арасында илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.