Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана күбөлүктөр 30-июнда тапшырылат

Билим Загрузка... 12 Июнь 2025 15:55
1980167.e8cb6ddf693513a08bd60cbb97c2ea02.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар жана күбөлүктөр 30-июнда тапшырылат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 30-июнда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында 9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт.

Документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болот.

2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 681 бүтүрүүчү, 11-классты 80 540 бүтүрүүчү аяктап жатат.