Министр: ЖОЖдордогу дипломдор жана маалымкаттар санариптештирилүүдө

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 16:08
729919963_3887505541392616_8384438889607822743_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Жогорку окуу жайларында тийиштүү маалымкаттар менен дипломдор санариптештирилүүдө. Бул тууралуу "Кабарда подкаст" программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте студенттердин 086-формадагы медициналык маалымкаты жана окутуучулардын медициналык документтери толугу менен санариптик форматка өткөрүлүүдө.

"Ошондой эле эмгек китепчелери да электрондук системага киргизилет. Мындан тышкары, 2025-жылга чейинки бардык дипломдор "Түндүк" электрондук платформасына байланыштырылып жатат", — деп белгиледи министр.