Бишкек, 17.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Азыркы тапта тиешелүү мекемелер тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттар буздурулуп, айлампа куруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетсек, Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөлгөн.
“Аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталып келгендиктен, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул долбоор ишке ашырылууда”,-деп айтылат маалыматта.