Кыргызстан менен Швейцария ишкердикти өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика Загрузка... 13 Май 2026 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргыз-швейцария соода-экономикалык кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасы, дебюрократиялаштыруу жана уруксат берүү тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди. Реформанын алкагында уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскартылып, дагы 199 документти оптималдаштыруу пландалып жатканы айтылды.

Жыйынтыгында тараптар чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча макулдашты.