Студенттер менен мугалимдердин бирдиктүү маалымат базасы ишке кирет – министр

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 13:20
729979517_3887505358059301_7103113063094968562_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Июль айында студенттер менен окутуучулар тууралуу бирдиктүү санариптик маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар подкаст” программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар бир жогорку окуу жайы өзүнүн AVN (автоматташтырылган маалыматтык башкаруу) системасы аркылуу иштеп келген. Ал системаларда студенттердин маалыматтары, окуу процесси, окутуучулардын лекциялары, семинарлары, модулдары жана башка окуу материалдары камтылган.

Министр жогорку окуу жайларындагы AVN системаларынын өнүгүү деңгээли ар кандай экенин белгиледи. Айрым университеттер платформаларын заман талабына ылайык жаңыртып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе, кээ бирлеринде система эски бойдон калган. Ушуга байланыштуу министрлик учурда бардык жогорку окуу жайларынан маалыматтарды чогултуп, борборлоштурулган бирдиктүү маалымат базасын түзүүдө.

“Бул көзөмөлдөөчү же кырдаалдык борбор сыяктуу иштейт. Анда бардык маалыматтар бир жерден реалдуу убакыт режиминде көрүнүп турат. Буга чейин керектүү маалыматтарды кагаз жүзүндө талап кылып, аны алуу же жөнөтүү бир нече күнгө, кээде бир жумага чейин созулчу. Жаңы система ишке киргенден кийин маалыматты бир эле суроо-талап аркылуу ыкчам алууга мүмкүн болот. Учурда базаны түзүү боюнча иштердин 80 пайызы аяктады”, — деди Гүлзат Исаматова.