Бишкек, 04.05.26. /Кабар/. 28-30-апрель күндөрү Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн куралган делегациялардын катышуусунда, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулоонун кезектеги раунду өттү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, катышуучулар бул долбоор бардык тараптар үчүн маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу экенин белгилешти. Ошондой эле өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир тийгизүү менен катар, элдердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.
Кубаттуулугу 1880 МВт болгон ГЭС өлкөнүн энергетикалык потенциалын жогорулатууда жана аймактагы энергетикалык системанын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар макулдашуунун долбоорунун бардык беренелерин кеңири талкуулашты. Пикир алмашуу учурунда документтин макулдашыла элек жоболору конструктивдүү түрдө иштелип чыкты. Өз ара урматтоо жана алгылыктуу чечимдерди табуу принциптерине негизделген ар кандай ыкмалар сунушталды. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр үчүн күн тартиби белгиленди.
Кыргызстан үчүн бул долбоор энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо жана ”жашыл” энергетиканы өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ экени өзгөчө белгиленди. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышып, долбоорду илгерилетүүдө эл аралык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн тастыкташты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Соңунда конструктивдүү диалогду сактоо жана макулдашуунун долбоорун толук даярдоо тууралуу келишимге жетишилди.