Улуттук китепканада "Тоо койнундагы эки залкар" китебинин бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 13 Ноябрь 2025 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов залында Ат-Башынын белгилүү өнөр ээлери Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын элесине арналган "Тоо койнундагы эки залкар" аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, тарыхчы-изилдөөчү Аман Турдакунов, коомдук ишмер Кубат Асан уулу, “Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын атындагы коомдук фонддун” директору Болот Андабеков, ошондой эле эки залкардын үй-бүлө мүчөлөрү — балдары жана неберелери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуттук китепкана тарабынан «Элдик мурасты даңазалаган түгөйлөр – Андабеков жана Карасартова» аттуу китеп көргөзмө уюштурулуп, залкарлардын чыгармачылык өмүрүнө арналган видеотасма көрсөтүлдү.

Марат Тагаев өз сөзүндө Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованы “Ат-Башынын таланттуу кош жылдызы” деп атап, алардын кыргыз маданиятынын өнүгүшүндөгү салымы өтө чоң экенин белгиледи.

Китептин автору Бакыт Нышан чыгарманын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берип, эмгектин максаты — элдик мурасты кийинки муундарга жеткирүү экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда «Тоо койнундагы эки залкар» китеби Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуровго салтанаттуу түрдө тапшырылып, автордун кол тамга берүү аземи жана жалпы фото-сессия менен жыйынтыкталды.