Бишкек, 17.01. 26. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл көлүнүн акваториясында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору рейддик иш-чара өткөрдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө мыйзамсыз пайдаланылган узундугу 400 метр болгон эски синтетикалык тор табылып, чыгарылды.