ЖОЖдорду эми илимпоздор эмес, менеджерлер башкарат: Министр себебин айтты

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 16:35
731323368_3887505461392624_4201024562349880738_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын жетекчилерине коюлган квалификациялык талаптар жеңилдетилди. Бул тууралуу “Кабарда подкаст” программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

425539_w750_h_r.jpg

Министрдин айтымында, буга чейин айрым жогорку окуу жайларында, анын ичинде улуттук статусу бар 5 университетте, жетекчилик кызматка дайындоо үчүн сөзсүз докторлук илимий наамдын болушу талап кылынган. Азыр бул талап алынып салынды. Ошондой эле доцент, профессор же илимий кызматкер сыяктуу илимий даражалар жетекчилик кызматка милдеттүү шарт катары каралбай калды.

“Анын ордуна негизги басым башкаруучулук жөндөмгө бурулууда. Жогорку окуу жайдын жетекчиси биринчи кезекте күчтүү менеджер болушу керек, анткени университет жөн гана билим берүү мекемеси эмес, толук кандуу экосистема болуп эсептелет. Анын курамына окуу процесси менен катар чарбалык иштер, стратегиялык өнүгүү, эл аралык кызматташтык, мамлекеттик органдар менен байланыш, адистерди даярдоо, университетти оптималдаштыруу жана каржылык туруктуулукту камсыздоо сыяктуу маанилүү багыттар кирет”, — деди Исаматова.

Министрлик бул өзгөртүүлөр жогорку билим берүү системасына жаш жана башкаруучулук жөндөмү күчтүү кадрларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошону менен бирге, илимий даражалар көп жылдык педагогикалык тажрыйбанын негизинде корголуп, атайын изилдөө жана илимий эмгектер аркылуу берилерин кошумчалады.