Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө эмгектенген методисттер үчүн беш күндүк семинар башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Анда Сингапурдан келген жогорку квалификациялуу тренерлер Кыргызстандын билим берүү системасына ыңгайлаштырылган жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди (окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор, жумушчу дептерлер) колдонуу ыкмалары боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөрүн бөлүшөт.
Беш күндүк семинарда катышуучулар 1, 2, 5, 7-класстар үчүн иштелип чыккан математика, табигый илимдер предметтери жана 3-9-класстар үчүн даярдалган англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди колдонуу ыкмаларын, ошондой эле 12 жылдык билим берүү моделине ыңгайлаштырылган жаңыланган окуу программаларын терең өздөштүрүшөт. Андан ары методисттер ушул семинарда алган билимдерин жана көндүмдөрүн бөлүшүү максатында жер-жерлерде мугалимдер үчүн тренингдерди уюштуруп, өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасы (Сингапур) менен “Окуу китеби” басма үйүнүн (Кыргызстан) ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде “Маршалл Кавендиш” басмасынан табигый илимдер (табият таануу, физика, химия, биология), математика (математика, алгебра, геометрия) жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз колдонуу укугу алынган.
Бүгүнкү күнгө карата 1, 2, 5, 7-класстар үчүн математика, табигый илимдер предметтери боюнча жана 3 – 9-класстар үчүн даярдалган англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер кыргыз, орус тилдеринде “Учкун” ААКнын басмаканасында басылып чыгып, мамлекеттик мектептерге таркатылып берилди.