Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Матвей Низовский 2-9-августта Кытайдын Пекин шаарында өткөн Жасалма интеллект боюнча II эл аралык олимпиада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Мелдешке 61 мамлекеттен келген 300 окуучу жана 73 команда катышты. Олимпиада эки күнгө созулуп, ар күнү катышуучулар үчтөн тапшырманы аткарышты. Алар жасалма интеллекттин ар кайсы тармактарын — машиналык окутуу, табигый тилди иштетүү жана компьютердик көрүү багыттарын камтыды.
Кыргызстандын командасы жалпы 537 упай топтоп, 73 команданын ичинен 45-орунду ээледи. Команданын курамы Northern Eurasia OAI 2025 мелдешинин финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Окуучулардын жыйынтыктары:
- Матвей Низовский – коло медаль, "Маариф" билим берүү комплексинин окуучусу
- Семён Богуславский – катышуучу, Бишкек шаарындагы №61 орто мектептин 11-классынын окуучусу
- Акниет Кенжегулов – катышуучу, Бишкек шаарындагы №61 орто мектептин 11-классынын окуучусу
- Исхак Тажибаев – катышуучу, "Кут Билим" билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.
Команданын жетекчиси: Мамат Ишматов, "Газпром" олимпиадалык борборунун кызматкери.
Тренерлер:
- Александр Гущин – Борбордук университет;
- Андрей Кузнецов – Борбордук университет;
- Руслан Рахимов – T-Bank AI Research;
- Тургунбек Омурканов – МБанктын өкүлү;
- Тимур Туратали – AI Academy, Кыргызстандагы Жасалма интеллект коомчулугунун негиздөөчүсү;
- Эрмек Айтыгулов – ML-инженер, "Звук".