Өлкөнүн билим берүү тармагы жаңы окуу жылына толугу менен даяр – министр

Билим Загрузка... 25 Август 2025 15:53
45yeLX8uJvYAQ2ptS7O.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Өлкөнүн билим берүү тармагы жаңы окуу жылына толугу менен даяр. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, 12 жылдык билим берүү өтүп жатканыбызга байланыштуу башка жылдарга салыштырмалуу быйыл окуу жылына даярдык өзгөчө жүргүзүлдү.

“Учурда өлкөнүн билим берүү тармагы жаңы окуу жылына толугу менен даяр. Даярдык иштери бир нече этапты камтыды. Жайы бою биз мугалимдерди окуттук. Азыр да окутуп жатабыз. Быйыл өзгөчө оор жыл. Анткени, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз. Өлкө аймагында жаңы окуу жылына карата 57 жаңы мектеп, 20 бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууда жаңы программага ылайык, 1-2-5-7-класстын китептери жаңы стандаттарга ылайыкташтырылуу менен “Учкун” ачык акционердик коому тарабынан басылып чыгарылууда”,-деди министр.

Кендирбаева белгилегендей, быйыл санариптештирүүнүн алкагында электрондук журналдар аркылуу баланын жетишкендиктерин ата-энелер толугу менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.