Жаңы окуу жылынан тарта "Тунгуч" онлайн мектеби иштей баштайт

Билим Загрузка... 30 Июль 2025 16:10
WhatsApp_Image_2025_IVVaw6u.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып заманбап санариптик технологиялардын негизинде түзүлгөн жаңы форматтагы "Тунгуч" онлайн мектеби өз ишин баштайт.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат.

Ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен https://tunguch.kg/ расмий сайты аркылуу тааныша алышат.

Документтерди кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча жүргүзүлѳт, ошондой эле онлайн режимде дагы кабыл алуу болот.

2025-жылдын 1-августунан тартып:

- ата-энелер менен расмий келишимдер түзүлөт;
- окуучулар электрондук мектеп платформасына катталышат.

Окуу мазмуну жана даярдык:

- электрондук окуу китептери жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык жаңыртылууда, тиешелүү электрондук материалдар 2025-жылдын 30-августуна чейин даяр болот;
- мугалимдер үчүн окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.

Министрлик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында ар бир балага, айрыкча салттуу мектепке бара албагандарга, заманбап жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү иштерин улантууда.